Жаңылыктар
-
24 Апреля 2024
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 14-майында аукцион өткөрүлөрүн билдирет
«Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети тарабынан 2021-жылы 24-сентябрындагы №183 Токтому менен бекитилген «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндөгү» жобонун талаптарына ылайык 2024-жылдын 14 жана 17-май күндөрү аукцион өткөрүлөт.
-
22 Апреля 2024
Урматтуу жүргүнчүлөр!
26-апрелде Бакаев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна байланыштуу №6063 Бишкек-Кайыңды жүргүнчү поезддинин бир жолку сапары Лев Толстой көчөсү 65 Б (Пишпек) дарегиндеги Бишкек - 1 бекетинен жөнөтүлүп, кайра келгенде ырааттамасы өзгөрүүсүз 27-апрелде Бишкек - 2 бекетине келет.
-
18 Апреля 2024
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 22-апрелинен 26-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
-
9 Апреля 2024
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 15-апрелинен 19-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
-
4 Апреля 2024
Бишкек шаарында өткөөлдүн курулушу башталды
Тыгындарды азайтуу жана автомобиль жолдорун жөнгө салуу максатында Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы Мэрия менен биргеликте Бишкек шаарында Бөкөнбаев көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин А. Бакаев көчөсү боюнча темир жол линиясынын астынан автотранспорттун өтүшү үчүн өткөөлдүн курулушун баштады.
-
29 Марта 2024
1-апрелден тарта «Гоубас» тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алсаңыз болот
Урматтуу жүргүнчүлөр, Сиз 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Бишкек-2-Кайыңды жана Бишкек-1-Токмок жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди «Гоубас» мобилдик тиркемесинде сатып алсаңыздар болот.
-
19 Марта 2024
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун кезектеги этабын баштады
Алсак, 2024-жылдын 17-мартында Жалал-Абад шаарында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.А. Сакиев менен “Кытай темир жолдору” мамлекеттик корпорациясынын директордун орун басары Ван Тунцзень баштаган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Бул сапар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча тараптар мурда макулдашкан биргелешкен Иш-чаралар планынын алкагында өтүүдө.
-
18 Марта 2024
Окуучулар арасында темир жолдогу коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
2024-жылдын 18-март күнү Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жайгашкан №82 орто мектебинде темир жолчулар окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
-
13 Марта 2024
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы www.auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында электрондук аукцион өткөрүүнү жарыялайт
«Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети тарабынан 2021-жылы 24-сентябрындагы №183 Токтому менен бекитилген «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун талаптарына ылайык 2024-жылдын 27-мартында аукцион өткөрүлөт.
-
21 Февраля 2024
«ЛОКОМОТИВ»: ЖАҢЫ МУЗДАТУУЧУ ЖАБДЫК ТОЛУК КАНДУ ИШТЕП ЖАТАТ
«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин «Локомотив» спорттук–ден соолукту чыңдоо комплексинин негизги максаты ишкананын кызматкерлери жана шаар тургундары үчүн эс алууну жана спорттун активдүү түрлөрү менен машыгууну уюштурууга багытталган.