Жаңылыктар

  • 2 Июня 2023

    2023-жылдын 16-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-2 - Рыбачье» поезди жүрө баштайт

    «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 «Бишкек-2 – Рыбачье» багытындагы жүргүнчү поезди каттай тургандыгын маалымдайт.

  • 1 Июня 2023

    Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Локомотив» спорттук-эс алуу комплексинде майрамдык иш-чара

    Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын “Локомотив” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде жеткинчектер үчүн майрамдык күн уюштурулду.

  • 26 Мая 2023

    2023-жылдын 26-июнундагы аукцион тууралуу

    «Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети тарабынан 2021-жылы 24-сентябрындагы №183 Токтому менен бекитилген "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндөгү" Жобонун талаптарына ылайык 26-июнда аукцион өткөрүлөт.

  • 24 Мая 2023

    “Кыргыз темир жолу” жазгы текшерүү иштерин жүргүзүүдө

    Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын атайын комиссиясы кезектеги күнүмдүк текшерүүлөрдөн жана кароолордон тышкары жылына эки жолу – жазында жана күзүндө комиссиялык текшерүүлөрдү жүргүзөт.

  • 18 Мая 2023

    МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

    «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 22-майынан 25-майына чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3902-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.

  • 15 Мая 2023

    ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрация жетекчилеринин төртүнчү жолугушуусу болуп өттү

    10-Май 2023-жылы гибриддик форматта Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) Индия тараптын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын жетекчилеринин төртүнчү жолугушуусу болуп өттү.

  • 13 Мая 2023

    Боом капчыгайында 15-19-май күндөрү таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

    «Кыргыз темир жолу» УК» МИ маалымдайт: 2023-жылдын 15-майдан 19-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901 км) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт.

  • 11 Мая 2023

    Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

    «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы эскертет: 2023-жылдын 13-майына чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

  • 3 Мая 2023

    «Кыргыз темир жолу» УК» МИде командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү

    2023-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки аралыкта «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жана Жарандык коргонуу кызматтарынын жетектөөчү жана өздүк курамын тартуу менен «Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын (жер титирөө) коркунучу пайда болгон учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кызматтарынын жетекчилигинин аракеттери» темасында командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.

  • 3 Мая 2023

    МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

    «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 10-майдан 13-майга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.