Жүргүнчүлөрдү ташуу

Урматтуу жүргүнчүлөр!

      Россия, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын аймактарында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча чектөөчү иш-чараларга байланыштуу, эл аралык жүргүнчү ташуучу Бишкек - ​​Москва, Бишкек - ​​Казань жана Бишкек - ​​Новосибирск поезддеринин кыймылы 2020-жылдын 17-мартынан тартып убактылуу токтотулган.

      Эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддердин кыймылы Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын компетенттүү органдарынын уруксатынан кийин улантылат, бул тууралуу сизге кошумча маалымат беребиз.