«Локомотив» комплексинде мини-футбол лигасыныны ачылышы болду

19 Мая 2022

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин «Локомотив» спорт жана ден соолук чыңдоо комплексинин директору Рамиз Алиев билдирди.

«Оюндар ар шаршемби күнү саат 18.00дөн 20.30га чейин өтүп, ишкананын филиалдары менен бөлүмдөрүнөн түзүлгөн 12 команда катышууда», - деди Р.Алиев.

Иш-чара 18-май күнү  компаниянын жетекчилигинин катышуусунда өттү.

Спорттук иш-чаранын негизги максаты - ынтымакты чыңдоо, сергек жашоого чакыруу.

Ар бир оюндун аягында өзгөчөлөнгөн оюнчулар белектер менен сыйланат. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталып, алар дагы кубок жана медалдардын ээлери болушат.

Все новости