Роберт Мазитов КРнын темир жолчуларынын жана транспорт курулушчуларынын республикалык профсоюз комитетинин Төрагасы болуп шайланды.
26 Декабря 2019
Борборубуздагы “Достук” мейманканасында профсоюздук отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Күн тартибине: темир жолчулардын жана транспорт курулушчуларынын республикалык профсоюз комитетинин 2016-2019-жылдардагы отчету, ревизиялык комиссиясынын отчету, профсоюз комитетин жана ревизиялык комиссиясын шайлоо маселелери коюлган.
Алгач, профсоюз уюмунун төрагасы Роберт Мазитов төрт жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча доклад жасады. Анын айтымында эң башкы максат: темир жолчуларды социалдык жактан колдоо, алардын эс алуусун уюштуруу жана “КРнын Эмгек кодексине” ылайык темир жолчулардын укугун коргоого багытталды. Эң башкысы Жамааттык келишимдин талаптары толук аткарылды.
Андан соң профсоюз уюмунун ревизиялык комиссиясы отчет берди. Маалым болгондой профсоюз уюмунун беш жылдык ишмердүүлүгүндө каржылык, социалдык маселелер боюнча одоно кемчилдиктер кетирилген эмес. Айрыкча, каржылык документтер өз убагында жасалып, бардык талаптарга жооп берет.
Конференциянын жүрүшүндө делегаттар да өз ойлорун ортого салышты. Айрыкча түштүк бөлүмүнүн профсоюз уюму темир жолчуларды ынтымак-биримдикке чакырып, алдыдагы экономикалык кризис учурунда бирдиктүү аракеттерди көрүүгө чакырды.
Конференциянын ишине темир жолчулардын жана транспорт курулушчуларынын профсоюз уюмунун Эл аралык Конфедерациясынын Башкы катчысы Геннадий Косолапов катышып, Кыргызстандын темир жолчуларынын профсоюз уюмунун ишмердүүлүгүн жогору баалады. Ошондой эле конференцияга катышкан Казахстан темир жолунун профсоюз уюмунун Төрагасы Орозгали Ахметбаев жана Кыргызстан Профсоюздар федерациясы эки тараптуу кызматташтыкка басым жасап, ийгиликтерди каалады.
Ошентип, Кыргызстандын темир жолчуларынын профсоюз уюмунун төрт жылдык ишмердүүлүгү делегаттар тарабынан колдоого алынып, бир добуштан жогорку деңгеелде баа берилди.
Профсоюз уюмунун Төрагалыгына Роберт Мазитовдун талапкерлиги коюлуп, делегаттардын көпчүлүк добушу менен ал темир жолчулардын жана транспорт курулушчуларынын Республикалык профсоюз комитетинин Төрагасы болуп шайланды.
Бардык жаңылыктар