Темир жолчулар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскеришет
2 Мая 2014
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Улуу жеңиштин 69 жылдыгына карата митинг-реквиемге чогулушат.
Иш-чара 8-майда “Пишпектеги” жеңиш аянтчасында өткөрүлөт.Бул күнү алгач андагы эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, андан соң согуш ырлары жаңырат. Ардагерлердин дарегине жетекчилик тарабынан куттуктоолор айтылат. Салтанаттын соңунда ардагерлер үчүн сый-тамактар берилет.
Учурда “Кыргыз темир жолунда” 1 миң 329 темир жолчу пенсионерлер, анын ичинде 13 согуш ардагерлери жана 49 оруктун ардагерлери катталган. Бул тарыхый датага карата “Кыргыз темир жолу” тарабынан акчалай сыйлыктар белгиленген. Бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 3 миң сомдон, ал эми оруктун ардагерлери 2,5 миң сомдон акчалай сыйлык алышат.
Бардык жаңылыктар