«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаев Казахстанда откон шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кенешинин 60-мааракелик отурумуна катышты.
10 Мая 2014
Астана шаарында шериктештикке кирген мамлекеттердин, Иран, Финляндия жана Болгариянын темир жол транспорту боюнча Кенешинин 60-отуруму болуп отту.
Аталган уюм мурдакы совет мейкиндигинде 1992-жылдын февраль айында тузулгон биринчи итеграциялык уюм болуп эсептелет.
Жыйындын ачылыш салтанатына Казахстандын Премьер-министри Карим Масимов катышып, Президент Нурусултан Назарбаевдин куттуктоосун билдирди.
Аталган Кенештин Торагасы, «Россия темир жолу» Ачык акционердик коомунун Президенти Владимир Якунин белгилегендей 1520 бирдиктуу мейкиндиги жана темир жол администрацияларынын бирдиктуу аракети темир жолдун мумкунчулукторун бир кыйла жогорулатат.
18 темир жол администрацияларынын башчылары жана эксперттери катышкан жыйындын кун тартибинде 10 дон ашык маселе каралды. Алардын арасында Кенештин 59-жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы,эл аралык темир жол каттамында жургунчулорду ташуу боюнча 2013-жылдын жыйынтыгы, поезд каттамдарынын графигин иштеп чыгуу иштери жана башка маселелер бар.
Негизинен шериктештиике кирген мамлекеттердин темир жол тармагында узгултуксуз иш ыргагын камсыз кылуу, жургунчулорду жана жукторду ташуучу поезддерди тоскоолдуксуз откоруу маселелери боюнча талкуулар журду.
Жыйындын сонунда ар бир маселеге добуш берилип, жыйынтыктоочу протокол кабыл алынды. Бул жыйынтыктоочу документке 17 темир жол администрацияларынын башчылары менен бирге «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаев да кол койду.
Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кенешинин кийинки отурумун ушул жылдын куз айларында Азербайжандын Бакы шаарында откоруу белгиленди.
Бардык жаңылыктар