Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңеши Кыргыз темир жолчуларын Ардак грамота менен сыйлады

13 Мая 2014

“Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын бир катар кызматкерлери шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин жогорку сыйлыгына татыктуу болушту.

  Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин чечими менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын
жалпы бөлүмүнүн башчысы Жолочиева Элмирага, жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Манькова Еленага, маалыматтык эсептөөнү камсыз кылуу филиалынын начальнигинин орун басары Левин Александрга жана кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси Бойко Светланага шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин Ардак грамотасы тапшырылды.

   Жогоруда аты аталган темир жолчуларга мындай жогорку сыйлык алардын темир жол транспортундагы өз ара кызматтыштыкты бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн берилип олтурат.

Эске салсак, шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 60-жыйыны Казахстан Республикасынын Астана шаарында болуп өттү.

 

Бардык жаңылыктар