Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Валерий Диль “Кыргыз темир жолу” ишканасында жумушчу сапары менен болду.
16 Мая 2014
Вице-премьер алгач, жакында сатылып алынган 4 жаңы тепловозду көрүп чыкты. Андан соң ишкананын механикалык цехинде болуп, жумушчулар менен жолугушту. Ошондой эле ишкананын активи менен жолугушуу өткөрүп, оорчундуу маселелерди талкуулады.
Эске салсак, Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги тепловоз паркын модернизациялоо маселесин карап чыгып, жаңы тепловоздорду сатып алуу чечимин кабыл алган болчу. Адистер тарабынан Россия Федерациясынын ири “Трансмашхолдинг” компаниясынын алдындагы Брянск, Коломенск, Луганск тепловоз заводдору, Украина, Германия, жана Европа өлкөлөрүнүн тепловоз чыгаруучу ишканалары изилденип чыккан. Жыйынтыгында Казахстандын “Локомотив курастыру зауыты” Акционердик коому тандалып алынып, алардын өндүрүшүнөн чыгарылган ТЭ 33 А Evolution ( Эволюшн ) моделиндеги тепловоздорду сатып алуу чечими кабыл алынган.
Жакында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана “Локомотив Курастыру зауыты” Акционердик коомунун ортосунда казахстандын тепловоздорунун экинчи партиясын алып келүү боюнча макулдашууларга кол коюлган.
Бул эки жаңы тепловозду Бишкекте “Кыргыз темир жолунун” Локомотивдик депосу кабыл алды. Буга чейин Кыргызстан Казахстандан ушундай эле моделдеги эки тепловоз сатып алган. Аталган жаңы машиналар техникалык мүнөздөмөсүнө жараша өзүн өтө жогорку деңгеелде көргөзө алды.
ТЭ 33 А Evolution ( Эволюшн ) моделиндеги бешинчи муундагы тепловоздор Казахстандын “Локомотив курастыру зауыты” Акционердик коомунда жасалат. Бир тепловоздун баасы – 4,7 млн. Америка долларына барабар.
ТЭ 33 А Evolution ( Эволюшн ) моделиндеги тепловоздун техникалык параметрлери жогору. Атмосферага чыккан заттардын деңгеели 40 % ке төмөн. Жабдуулар микропроцессордук система аркылуу башкарылат. Ылдамдыгы саатына 120 чакырым. 2011-жылдын январь, март айларында Якутиянын оор климаттык шарттарында сыноодон өткөн жана 53 градус суукта да эч кандай тоскоолдуксуз иштей ала тургандыгы далилденген. 2012-жылы “Тажикистан темир жолу” ишканасы ушул моделдеги тепловозду сатып алган, жана практика көрсөткөндөй 1 тепловоз мурдакы 5 тепловоздун жумушун аткарып жатат. Иштөө мөөнөтү 40 жыл.
Бардык жаңылыктар