Темир жолчулардын клубунда капиталдык ремонттон кийин отчеттук концерт берилди
30 Мая 2014
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына карата темир жолчулардын клубу капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Имараттын сырткы көрүнүшү жана ички бөлмөлөрү акталып, сырдалып жаңы көрүнүшкө ээ болду. Айрыкча чоң залда өтө чоң ремонт иштери жүрүп сахна жабдуулары жана олтургучтар толугу менен алмаштырылды. Жаңы люстралар орнотулуп, аппаратуралар сатылып алынып пайдаланууга берилди.
Маданият сарайынын ачылышы жана жыл жыйынтыгы менен клубдун чыгармачыл тобу отчеттук концертин тартуулады. Алгач “Кыргыз темир жолу” ишканасынын профсоюз уюмунун Төрагасы Роберт Мазитов сөз сүйлөп, жетекчилик тарабынан берилген жардамдарды баса белгиледи. Айрыкча, ишкана жетекчиси Аргынбек Малабаевдин дарегине жылуу пикирлер айтылды.
Программада классикалык чыгармалардан тартып, ыр-бий, театрлаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү. Айрыкча, жаныбарлардын образдары жана ыр-бийлер көрүүчүлөр үчүн кайталангыс жагымдуу маанай тартуулады.
Эске салсак, бул маданий программа “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын 90 жылдык мааракесине арналды. Белгилей кетүүчү нерсе, аталган маданият үйүнүн курулганына да быйыл 90 жыл толот. Демек, бул маданият борбору “Кыргыз темир жолу” менен бир куракта деп айтсак болот.
Бардык жаңылыктар