Россияга баруучу эмгек мигранттары кара тизме боюнча маалыматты “Бишкек-II” темир жол бекетинен алышса болот.
2 Июня 2014
Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу “Бишкек II” темир жол бекетинде мигранттар үчүн маалымат борбору иштеп жатат.
Бул борбор учурда өтө зарыл жана керектүү борбор экендигин ырастады. Россияга жумуш издеп жөнөп жаткан эмгек мигранттарын бекеттин жетекчилиги алгач ушул борборго жиберишет. Ал жерден кара тизмеде каттоодо жок экендигин билгенден кийин гана кассадан билет сатып алышат. Анткени, Россиянын чек ара текшерүү пунктуна баргандан кийин кара тизмеде барларды поездден түшүрүп салышат. Андыктан, ашыкча чыгымга учурап, убара тартып олтурбастан ушул жерден текшерип алган оң.
Мындан тышкары чек арага чейин барып, анан кара тизмеде бар болуп чыккандар эмне үчүн мага билдиршпейт деп нааразы болушат.
Эске салсак, аталган маалымат борборун ачуу демилгеси КРнын Эмгек миграция жана жаштар министрлигине таандык. Буга чейин мындай маалымат борборлору Эл аралык "Манас" аэропорту жана Ош аэропортунда ачылган.
Бардык жаңылыктар