Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына темир жол менен гуманитардык жардам контейнерлери келди
20 Ноября 2020
Жалпысынан Өзбекстан 400 орундуу көчмө оорукананын курулушу үчүн Кыргызстанга темир жол аркылуу модулдук курумалар менен 80 контейнер жеткирди. Алардын 200ү Баткен облусунда, 200ү Бишкек шаарында болот. Ошондой эле буга чейин 3 миң тонна буудай жеткирилген.
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу максатында 19-ноябрда Бишкек-1 темир жол станциясына өзбек тараптын гуманитардык жардамы менен 40 контейнер вагонунан турган поезд келди.
Гуманитардык жардам катары Бишкек шаарында 200 орундуу экинчи жугуштуу оорулар ооруканасын куруу үчүн модулдук курулмалар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Буга чейин Баткен облусуна дагы модулдук курулмалар менен 40 вагон жеткирилген.
ААК "Узбекистон Темир Юллары" төрагасы Хасилов Х.Н. жана ал жетектеген делегациясы, жүктү узатып кошо келишкен, аларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Т.Шадыханов жана "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ жетекчилигинин Башкы директору Дашков В.А. тосуп алышты.
"Узбекистон Темир Юллары" ААК төрагасы Хасилов Х.Н. эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстан менен Өзбекстанда темир жолду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Премьер-министри Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү 2020-жылы 14-ноябрда болгон.