2014-жылдын 13-июнунан тартып, “Бишкек-Рыбачье” каттамы боюнча № 608 поезд жүрө баштады
16 Июня 2014
Жайкы эс алуу сезонуна карата “Бишкек-Рыбачье” поезди “Бишкек I” станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.
Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:25 те. Ал эми 14-июльдан тартып, 31-августка чейин күн сайын каттай баштайт.
Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы эс алуучулар үчүн жыл сайын жайкы эс алууну уюштурат.
Июль, август айларында аталган багыт боюнча кошумча вагондор чиркелет жана аны менен эс алуучулар Боом капчыгайы аркылуу Рыбачьеге чейин барышат. Вагондордо узатуучулар иштеп, эс алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Төшөк-жууркандар берилип, ысык чай уюштурулган.
Июль айында эң алгачкы эс алуучулар жөнөп кетишет жана калоочулар үчүн жамааттык арыздар кабыл алынууда.
Плацкарт вагону менен барып келүү акысы төмөндөгүчө:
“Бишкек II” станциясынан Рыбачьеге чейин чоңдор үчүн: 69 сом
Балдарга: 35 сом
Байланыш телефондору: 92-71-00
Бардык жаңылыктар