90 жылдык маараке алдында темир жолчулардын маанайы жогору
15 Июля 2014
Кыргызстан үчүн тарыхый окуя болгон - Кыргыз темир жолунун 90 жылдыгын майрамдоо алдында, ишкана аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, келечек максаттарын аныктап турат.
Темир жолчуларга тийиштүү шарттарды түзүү жана аларга сезилеерлик финансылык колдоо көргөзүү максатында темир жол транспортунда 2012-жылы жаңы Эмгек келишими кабыл алынды.
Соңку 4 жыл ичинде, 2010-2013-жылдары «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы каржылык көрсөткүчтөрү жана жүктөрдү ташуу боюнча айтаарлык жетишкендиктерге жетише алды.
Жүк ташуунун көлөмү 1,5 эсеге өстү. Башкача айтканда 744 млн. тоннага, 2009-жылы 1001,7 млн. тоннага жетти. Бул деген бир жарым эсеге барабар өсүш дегенди билдирет.
Республикалык бюджетке жана социалдык фондко түшүүчү салык төлөмдөрүнүн көлөмүн «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 2 эсеге чейин көбөйттү. Ошондой эле компаниянын балансалык кирешеси эки эсеге жогорулады.
2009-жылдын 1-январынан тартып, 2014-жылга чейин эмгек акы эки эсеге өстү. 2009-жылдан бери темир жолчулардын эмгек акысы 9739 сомдон, 16 437 сомго чейин жогорулады. Же 6 716 сомго көбөйүп, 170 % түздү.
Бардык жаңылыктар