"Кыргыз темир жолунун" 90 жылдыгына карата китеп чыгарылат
15 Июля 2014
Кыргыз темир жолуна 90 жыл толду. Анын тарыхы, жана басып өткөн жолу "Кыргыз темир жолуна 90 жыл" аттуу китепте толук камтылган.
Китеп 7 бөлүктөн туруп, түстүү сүрөттөр менен жасалгаланган. Ошондой эле темир жолунун курулуш иштеринен тартып, азыркы күндөгү абалы да түстүү сүрөттөр менен кеңири чагылдырылган. Мындан тышкары улуу Туркестан-Сибирь ( Турксиб ) темир жолунун курулушу боюнча баяндамага да орун берилген.
Учурда борборубуздагы ири басмаканада китепти басып чыгаруу иштери башталды. Буйруса, аталган басылма 1-август күнү темир жолчулардын 90 жылдык мааракесинде окурмандардын колуна тийет.
Бардык жаңылыктар