Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата “Кыргыз темир жолу” ишканасы кайрымдуулук иш-чара өткөрдү

16 Июля 2014

2015-жылы Улуу жеңиштин 70 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия 70 жылдыкты жогорку деңгеелде өткөрүү максатында иш-чаралардын планын иштеп чыккан.

  Уюштуруу иштерине каражат бөлүнүп, ардагерлер үчүн майыптар коляскасы жана угуучу аппараттар сатылып алынды.

  Бүгүн согуштун ардагери, 88 жаштагы Михаил Бибиковго жетекчилик тарабынан майыптар коляскасы тапшырылды.

  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Аппарат жетекчиси Кубан Асанбеков билдиргендей, Михаил Бибиков темир жолдо 45 жылдан ашык эмгектенген жана ал учурда баса албай ар тараптуу колдоого муктаж. Кезегинде ал жүк ташуучу поезддердин кондукторлук кызматынан тартып, жол чарбасынын монтеру жана башка оор жумуштарда иштеген. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги анын өзүнүн суранычын орундатып, ага ыңгайлуу болгон атайын коляска сатып берди.

  Мындан тышкары 3 согуш ардагерине атайын угуучу аппараттар тапшырылды.

  “Кыргыз темир жолу” ишканасында 13 согуштун ардагери жана 49 орукта эмгектенгендер бар. Ушул жылдын апрель айында курамына дарыгерлер кирген атайын топ, бардык ардагерлердин үйүн кыдырып, медициналык жардам көргөзүп чыкты. Ошондой эле жеңиш күнүнүн урматына ар бир ардагерге 3 000 сом өлчөмүндө акчалай колдоолор көргөзүлдү.

 


            

 

Бардык жаңылыктар