“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын 90 жылдык мааракесинин алдында Локомотив паркы жаңыланды

17 Июля 2014

2013-2014-жылдары “Кыргыз темир жолу” ишканасы өздүк каражатына Казахстан Республикасынын «Локомотив курастыру зауыты» Акционердик коомунан чыгарылган ТЭ33А EVOLUTION моделиндеги 5-баскычтагы 4 жаңы заманбап тепловоз сатып алды.

 Россиялык жана өзбекстандык өнөктөштөрдүн колдоосу менен, 5 тепловоз ремонттон өттү. (2010-2014-жылдардын аралыгында) Ошондой эле менчик өндүрүштүк базада жыл сайын 200 тепловоз ремонттолуп турат.

 Жогоруда айтылган иш-аракеттердин натыйжасында стратегиялык обьектинин токтоп калуу коркунучу четке кагылып, жүктөрдү ташуу үчүн тийиштүү тепловоздор камсыз кылынды.

Бардык жаңылыктар