Темир жолчулардын жумушчу профсоюзуна 10 жыл толду
29 Июля 2014
Эки профсоюз уюму иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын аймагындагы жападан-жалгыз мамлекеттик ишкана – бул “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы – деп билдирет темир жолчулардын жумушчу профсоюз уюмунун Төрагасы Эрнис Докенов.
Анын айтымында темир жолчуларга тиешелүү болгон жамааттык келишимде биринчиден: жеңилдиктер кеңейтилди. Экинчиден: бул жамааттык келишим иштеп жатат. Мурда мындай келишимдер жазылган, бирок иш жүзүндө аткарылган эмес. Бүгүнкү күндө жамааттык келишимдин талаптары толук аткарылууда. Ошондой эле жумушчулардын профсоюзу жана экинчи профсоюздун такай көзөмөлүндө.
10 жылдык салтанатка арналган расмий жыйналыш темир жолчулардын клубунда өткөрүлдү. Ага темир жолдун жетекчилигинин атынан башкы директордун орун басары Алмазбек Ногойбаев катышып, уюмдун мүчөлөрүн куттуктады. Ошондой эле профсоюздун Ардак грамотасы жана юбилейлик медальдарды тапшырды.
Ал эми уюмдун Төрагасы Эрнис Докенов аткарылган иштердин жыйынтыгына токтолуп, аталган профсоюздун жаралышы, басып өткөн жолу туурасында айтып берди.
Жумушчулардын профсоюз уюмунун негизги милдети – бул темир жолчулардын эмгекке болгон укуктарын коргоо жана социалдык жактан шарттарды түзп берүү. Бул ишти аталган уюм жогорку денгеелде аткарып жатат.