Темир жолчулардын жумушчу профсоюзунун Төрагасы Эрнис Докеновдун куттуктоосу

29 Июля 2014

Ардактуу темир жолчулар ! Темир жолчулардын жумушчу профсоюзу бардык кесиптештерин, өнөктөштөрүн жана досторун Кыргыз Республикасынын темир жол тармагынын 90 жылдыгы менен, ошондой эле биздин кошундун 10 жылдыгы менен куттуктайт.

Баарыңыздарга бакубатчылык, ден-соолук жана жол тармагында кесиптик ири ийгиликтерди каалап кетебиз.

Ойлогон ой-максатыңыздар, белгиленген иш-чаралар ишке ашсын.

Кыргыз темир жолун өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн сиздерге алкыш айтабыз.

урматтоо менен,

Эрнис Докенов

Темир жолчулардын жумушчу профсоюзунун Төрагасы
 

Бардык жаңылыктар