Август айынын алгачкы жекшембиси – темир жолчулардын кесиптик майрамы
30 Июля 2014
Кыргызстандын темир жолчулары темир жолдун 90 жылдыгын майрамдоо алдында. Маалым болгондой быйыл Кыргыз темир жолуна 90 жыл толду.
Эртең 31-июлда бул тарыхый датага карата майрамдык иш-чаралар башталат. Алгач Пишпек кичи районундагы темир жолчулардын клубунда салтанаттуу жыйын болот. Бул расмий иш-чара саат: 9-30 да башталып, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен, Кыргыз темир жолунун Башкармалыгынан өкүлдөр катышат.
Темир жолчуларга куттуктоолор айтылып, министрликтин Ардак грамоталары тапшырылат. Ошондой эле эмгеги сиңген темир жолчулар акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.
Бардык жаңылыктар