Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт
15 Октября 2021
“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 18-октябрынан 22-октябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат.
Жумуштар КР ИИМ ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жолду жарым -жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09: 00дөн 15: 00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Бардык жаңылыктар