Кыргыз темир жолуна 90 жыл толду

30 Июля 2014

2014-жылдын 1-август күнү Кыргызстандын темир жолчулары 90 жылдык мааракесин белгилейт.

 

 Бул тарыхый датага арналып, борборубуздагы Абдылас Малдыбаев атындагы Академиялык опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын болот. Ага Кыргызстандын бийлик органдарынан, министрликтер менен ведомстволордон, шериктеш мамлекеттердин темир жол администрацияларынан коноктор чакырылган.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын филиалдарынан атайын өкүлдөр катышышат.

 90 жылдык мааракеге арналган жыйында алгач атайын даярдалган тасма коргозулуп, андан сон салтанаттуу бөлүгү кенири программадагы маданий иш-чара менен коштолот.

Мааракелик жыйын саат 10-00 до башталат.

Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда  “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.

Бардык жаңылыктар