Алексей Тепляшин 4 жүк ташуучу вагонду жылдырды
24 Апреля 2022
Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду.
Иш-чара 22-апрель күнү өттү. Спортчу жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 даана вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 кгды түзгөн.
Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды.
Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди.
Бардык жаңылыктар