“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы темир жолдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү

31 Июля 2014

Август айынын алгачкы жекшембиси темир жолчулардын кесиптик майрамы. Быйыл темир жолдун түптөлгөндүгүнө 90 жыл толду.

  Темир жолчулардын клубунда өткөн майрамдык иш-чарада эмгеги сиңген темир жолчуларга КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ардак Грамотасы, темир жолдун Эмгек сиңирген ардагери, Кынтыксыз эмгеги үчүн төш белги жана эң мыкты жаш жумушчу сыйлыгы тапшырылды.

  Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Калмурзаев темир жолчуларды мааракеси менен куттуктап, министрликтин куттуктоосун билдирди.

  Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда  “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.

         

Бардык жаңылыктар