Кыргыз темир жолчулары 90 жылдык мааракесин белгиледи

1 Августа 2014

Абдылас Малдыбаев атындагы Академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын темир жолунун 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ирсалиев маараке ээлерин куттуктап, Президенттин куттуктоосун окуп берди.

  Ал эми Вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргыз өкмөтүнүн куттуктоосун билдирип, темир жолу азыр жаңылануу жолунда экендигин баса белгиледи.

  Мааракелик салтанатка келишкен коңшулаш Казахстан, Тажикистан жана Россиянын темир жол администрацияларынын өкүлдөрү баалуу белектерин тапшыруу менен бирге, Кыргыз темир жолунун жемиштүү ишмердигин баса белгилешти.

  Бул күнү Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана “Ардактуу темир жолчу” жогорку наамдары ыйгарылды. Алардын арасында “Кыргыз темир жолунун” коопсуздук боюнча начальниги Алымжан Хасанов, вагондун узатуучусу Нурбүбү Алыбаева жана башкалар бар. Жалпысынан 25 адам мындай жогорку наамдарга ээ болушту.

  Салтанат башталаар алдында көргөзүлгөн тасмада Кыргыз темир жолунун тарыхы жана азыркы иштери чагылдырылып, искусство чеберлеринин мукам ырлары жаңырды.

            

               

Бардык жаңылыктар