Темир жолчулар кесиптик майрамын майрамдашты

4 Августа 2014

Темир жолчуларга тиешелүү болгон “Пишпек” эс алуу багында темир жолчулардын кесиптик майрамы белгиленди.

   Алгач “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаев темир жолчулардын күнү менен куттуктады. Быйыл кесиптик майрам темир жолдун 90 жылдыгына дал келип олтурат. Салтка айлангандай ар бир филиал майрамдык стол жасап, темир жолчулардын дарегине куттуктоолор айтылды.

Республикалык ардагерлер кеңешинин Төрагасы Тарас Токомбаев куттуктоо сөз сүйлөп, ардагерлер кеңешинин Төрайымы Галина Финаевага Ардак грамота тапшырды. Ошондой эле шаардык ардагерлер кеңеши ишкана жетекчиси Аргынбек Малабаевге куттуктоо катын тапшырып, темир жолдун жетишкендиктерин баса белгиледи.

Ишкана жетекчилиги бул күнү темир жолдо иштеп кеткен эмгек ардагерлерин да куттуктады. Алар үчүн сый-тамак уюштурулуп, баалуу белектер тапшырылды. Мындан тышкары бир катар эмгек ардагерлерине “Эмгек сиңирген ардагер” жогорку наамы ыйгарылды.

            

            

 


 

Бардык жаңылыктар