31-август Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чарада “Кыргыз темир жолу” байгелүү орундарга татыктуу болду.

4 Сентября 2014

КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өткөргөн майрамдык иш-чарага “Кыргыз темир жолу” ишканасы чоң даярдык менен келди.

 Алгач, кыргыз желеги менен ишкананын символикасын жаш темир жолчулар ат үстүндө алып чыгышты. Андан соң кыргыз бийи шаңдуу музыканын коштоосунда тартууланды. Кыргыз элинин салты боюнча акын эл менен
саламдашып, улуттук ырлар жаңырды.

Айрыкча, темир жолчу Б. Исмаиловдун өнөрүнө жана “Кара жорго” бийине калыстар тобу өздөрүнүн жогору баасын берди.

Жыйынтыгында ыр-бийлер боюнча “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын таланттары биринчи орунду жеңип алышты.

 Мындан тышкары спорттун бир нече түрү боюнча да темир жолчулар эң мыкты деп табылды. Аларга КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин дипломдору жана ардак грамоталары тапшырылды.

 

Бардык жаңылыктар