Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын өкүлдөрү Чолпон-Атада кеңешмеге чогулушат.
4 Сентября 2014
9-сентябрдан 12-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында шериктештикке кирген мамлекеттердин жана Балтика өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын өкүлдөрүнүн кеңешмеси өтөт.
Аны “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы уюштурууда.
Быйыл май айында Астана шаарында темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 60-мааракелик отуруму болуп, анда шериктештикке кирген мамлекеттердин жана Балтика өлкөлөрүнүн жүргүнчүлөрдү ташуу маселесин Кыргыз Республикасында талкуулоо чечими кабыл алынган. Ошол чечимдин негизинде жана “Кыргыз темир жолу” ишканасынын чакыруусу менен, жергебизге шериктештикке кирген мамлекеттерден жана Балтика өлкөлөрүнөн 40 тан ашык атайын өкүлдөр келе жатышат.
Төрт күн бою көл жээгинде шериктеш мамлекеттердин жана Балтика өлкөлөрүнүн 2015-2016-жылдардагы Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринин графиги жана ага толуктоо, өзгөртүү киргизүү боюнча маселелери талкууланат. Мындан тышкары шериктеш мамлекеттердин жана Балтика өлкөлөрүнүн ортосунда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу иштери боюнча ар кыл маселелер каралат.
Темир жолу аркылуу эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууда өтө зарыл болгон маселелер боюнча Россия Федерациясынан 12 адис, Казахстандан 6 жана Украина, Латвия, Литвадан келген темир жолчулар өздөрүнүн маанилүү ойлорун ортого салышат. Жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлуп, октябрь айында Азербайжанда өтүүчү темир жол транспорту боюнча Кеңешинин кезектеги отурумуна жиберилет жана айтылган сунуштар боюнча соңку чечим кабыл алынат.
Бардык жаңылыктар