«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт

23 Сентября 2014

23-сентябрдан тартып, 30-ноябрга чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 119 жана 132 чакырымдарында таштарды күч менен түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жол ремонт иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат 10 дон тартып, 15 – 00 гө чейин автомобиль жолу мезгил-мезгили менен тосулуп турат. Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
Бардык жаңылыктар