Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгын утурлап...

23 Октября 2014

Кыргыз темир жолунда учурда 13 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 49 оорукта эмгектенгендер бар. Алар Бишкек шаарында эле эмес, Рыбачье станциясынан тартып, Мерке станциясына чейин жашашат.

Алардын бири “Кыргыз темир жолунун ардактуу эмгек ардагери” Насыр Алишев.

 Алишев Насыр 1915-жылы Казахстанда төрөлгөн. Анын атасы Икрам молдо дин кызматкери болгон. Ошондуктан 1927-жылы Сибирге сүргүнгө айдалып, ал жактан кайтып келген эмес. Апасы Айша эки баласы менен калып, кийин каза болгон. Ошол 30 жылдарда Насыр кичүү карындашы менен ата-энесиз калып, көп кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. Ар кандай жумуштарды аткарып, байларга кул болгон.

 Бой жеткенде кызыл армиянын катарына чакырылып, Казахстандын түштүк батышында кызмат кылып, 1940-жылы кайтып келген.

 Согуш мезгилинде Кыргызстанда болчу. Ошол кезде ал Казак темир жолунун Пишпек станциясында жайгашкан Ички Иштер органдарынын транспорттогу милициясында иштечүү.

 1942-жылы өмүрлүк жары Шаркуль менен баш кошуп, Улуу Ата Мекендик согушка аттанган.

 1943-жылдан 1945-жылга чейин Ленинград фронтунда взводдун командиринин жардамчысы катарында кызмат кылган. Ал эми 1943-жылдын ноябрь айында жаракат алып, госпитальга түшөт. Андан айыгып чыгып, кайрадан согушка катышып, экинчи жолу жардар болот. Кийин ден-соолугун калыбына келтирип, Ленинград фронтунда, андан соң Кенигсберг ( азыр Калининград ) шаарын бошотууга катышат.

 Согуштан келгенден кийин Ташкенттеги СССРдин ИИМнин милиция мектебинде окуйт. Ал жерден жолдомо менен Кыргыз ССРнин Пишпек станциясындагы транспорттук милициясына ишке келет.

 Ал эми 1953-жылы анын үстүнөн жашыруун арыз жазылып, кызматынан бошотулуп, камакка алынат. Ага Ташкенттеги милиция мектебине тапшырганда атасы дин кызматкери экендигин жашырган деген күнөө коюлган. Бирок, ошол эле жылы И. Сталин каза болгондон кийин, акталып чыккан. Ага кайра өзүнүн кызмат ордун калыбына келтирүү сунушу беришкен. Бирок ал бала-чакасынын келечегин эске алып, катардагы жумушчу болууну туура көргөн. Ошентип, Пишпек станциясындагы вагон депосуна жумушка кирип, ал жерде көп жыл бою эмгектенген. Темир жолдогу жалпы эмгек стажы 60 жылга барабар.

Эмгектеги жетишкендиктери үчүн “Кыргыз темир жолунун ардактуу эмгек ардагери” деген жогорку наамга татыктуу болгон.

Ал эми согуш жылдарында “Улууу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени” жана бир катар медальдар менен сыйланган.

 Учурда Насыр Алишев жаштардын насаатчысы, 5 уул 2 кыздын ардактуу атасы. Тилекке каршы 2008-жылы өмүрлүк жары Шаркуль бул жарык дүйнө менен коштошкон.

 “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жана профсоюз уюму менен ардагерлер кеңеши ага бекем ден-соолук, узун өмүр жана бактылуу карылык каалайт.

 

Бардык жаңылыктар