МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ
28 Апреля 2023
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 29-апрелинде жана 2,3,4-майларында (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3899-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.
Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.
Бардык жаңылыктар