Ишкананын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү да жогору.

5 Ноября 2014

Темир жолун модернизациялоо жана ремонт иштеринин алкагында 17 чакырым темир жолу капиталдык ремонттон өттү.

Анда эскирген шпалдардын ордуна 36 миң 426 даана темир бетон шпалдары төшөлүп чыкты. Жалпысынан азыркы учурда 54 миң 287 даана шпалдар орнотулду.

Вагон-тепловоздордун техникалык абалы да жакшырды. Тактап айтсак, 2014-жылдын 9 айында жалпысынан 67 вагон ремонттолсо, анын ичинен 28 жүк ташуучу, 39 жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондор капиталдык ремонттон өттү.

Ал эми финансылык көрсөткүчтөргө кайрылсак, “Кыргыз темир жолу” ишканасы I – жарым жылдыкта жалпы казынага салык түрүндө 181 млн. 398 миң сом, социалдык төлөмдөр боюнча 139 млн. 785 миң сом каражат төлөп берди.

  Мындан тышкары соңку 20 жыл ичинде чечилбей келген тепловоз маселеси оң жагына чечилип, 2014-жылдын I – жарым жылдыгында КРнын Президентинин жана Кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен 2 жаңы тепловоз сатылып алынды. 
   
 

Бардык жаңылыктар