Кыргыз темир жолунун жетекчилиги Баттал Азиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады
6 Ноября 2014
“Ардактуу темир жолчу” жогорку наамынын ээси Баттал Азиев 80 жашка толду. Аны “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин атынан, Башкы директордун орун басары Алмазбек Ногойбаев куттуктап, белек катарында атайын кол саат тапшырды.
Төмөндө жетекчиликтин куттуктоосу:
Урматтуу Баттал Азиевич !
Сиз өмүр бою Пишпек станциясындагы Локомотивдик Деподо эмгектендиңиз. Бул аралыкта жоопкерчиликтүү, ак ниет жана чынчыл кызматкер экендигиңизди көрсөттүңүз. Ошондой эле өз шмердүүлүгүңүздү коомдук иштер менен айкалыштырып, жаштардын насаатчысы болуп келдиңиз.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жана эмгек жамааты сиздин эмгегиңизди жогору баалайт. Азыр да №97-темир жол лицейинде жаштарды окутуп, алардын насаатчысы катарында иштеп келесиз.
Көп жылдык эмгегиңиз үчүн Ленин ордени жана “Ардактуу темир жолу” жогорку наамдарына татыктуу болдуңуз. Мындай эмгек жалпы эле темир жолчуларга үлгү.
Сизди 80 жылдык мааракеңиз менен куттуктап, бакубат жашоо, бекем ден-соолук жана узак өмүр каалаймын.
урматтоо менен,
Аргынбек Малабаев
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын Башкы директору