“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Россияга каттоочу поезддерге билеттерди сатып алууда жеңилдиктерди жарыялайт

19 Ноября 2014

Россия менен кабыл алынган макулдашууга ылайык, эми поезддердин жүргүнчүлөрү билеттерди алдын-ала сатып алса жеңилдиктер берилет.

 Мындай жеңилдиктер алдын-ала сатылып алынган билеттердин мөөнөтүнө жараша болот.

Эгерде жүргүнчү Россияга сатылуучу поезд билеттерин 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 30 % жеңилдик берилет.

Ал эми 16 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 20 % га арзан баада сатып алса болот.

Эгерде жүргүнчү билетти поезд кетүүчү күнгө чейин 11 күндөн 15 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, анда 10% га барабар жеңилдик берилет.

Маселен, Бишкек-Москва поездине билет баасы: 12 миң 26 сом болсо, 30 % жеңилдик менен: 9 миң 689 сомго сатып алса болот.

Бишкек–Екатеринбург поезди: 7 миң 267 сом болсо, азыр жеңилдик менен: 6 миң 34 сомго сатып алса болот.

Новокузнецк, Новосибирск багытына да ушундай эле жеңилдиктер менен билеттерди алса болот. 

Эскерте кетүүчү нерсе: мындай жеңилдиктер кыргызстандын ички поезддерине жана жамаат менен жол жүрүүчү жүргүнчүлөргө берилбейт.Ошондой эле жол жүрүү билетинин баасы швейцария франкынын курсуна барабар өзгөрүлүп турат.

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  92 68 54, 30 02 09, 92 74 75.

Бардык жаңылыктар