Урматтуу жүргүнчүлөр!
8 Декабря 2023
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023/2024-жж. поезддердин кыймылынын графигине өзгөрүү киргенине байланыштуу, 2023-жылдын 10-декабрынан тарта шаардык жана эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигинин өзгөргөндүгү тууралуу маалымдайт:
- Бишкек-Шу-Казань багыты боюнча №405/113-406/114 эл аралык эки топтук жүргүнчү поезди жаңы график боюнча жумасына бир жолу жекшемби күндөрү каттайт. Кетүү убактысы Бишкек-2 бекетинен саат 15:25те, Казанга 06:58де жетет (Москва убактысы боюнча);
- № 6050/6051 Бишкек-1-Токмок ички каттам Бишкек-1 бекетинен саат 17:25те чыгып,Токмок бекетине саат19:42де жетет, ал эми эртең менен Токмоктон саат 05:05те чыгып, Бишкек-1ге саат 07:21де келет (жергиликтүү убакыт боюнча);
- №6063/6064 Бишкек-2-Кайында ички каттам Бишкек-2 бекетинен саат 17:41 чыгып, Кайыңдыга 20:10до келет. Эртең менен Кайыңды бекетинен саат 05:07де чыгып, Бишкек-2ге 07:32де келет (жергиликтүү убакыт боюнча).
Бардык жаңылыктар