“Локомотив” муз аянтчасында КТРК менен биргеликте “Муз доору” теледолбоору башталды
10 Декабря 2014
Жаңы жылдан тартып, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы менен Коомдук телерадио корпорациясы биргеликте жаңы телекөрсөтүүнү эфирге алып чыгат.
Бул - “Муз доору” деп аталган спорттук теледолбоор.
Көрсөтүүдө белгилүү кыргыз эстрада ырчылары жана жаш теле алып баруучулар 4 командага бөлүнүп өз ара мелдешет. 35 минутадан турган көрсөтүү 2015-жылы 4 жолу эфирге чыгат жана жеңүүчүлөр аныкталат.
Теледолбоорду ишкана жетекчиси Аргынбек Малабаев ачып, КТРК менен мындан ары да өз ара кызматташуулар улана тургандыгын жана ишкана тарабынан ар тараптуу колдоолор көргөзүлөөрүн билдирди. “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан “Локомотив” муз аянтчасы акысыз берилип, атайын кубок, дипломдор даярдалган.
Белгилей кетсек, долбоордун автору, КТРКнын спорт коментатору Кубан Атабеков буга чейин “Чилденин чилтендери” спорттук көрсөтүүсүн эфирге алып чыккан жана ушул өңдүү көрсөтүүнү эми Кыргыз темир жолунун “Локомотив” муз аянтчасында улантып жатат.
“Бул жерде бардык ыңгайлуу шарттар бар, буйруса дагы башка долбоорлорду да ишке ашырабыз” деген оюн билдирди Кубан Атабеков.
“Муз доору” теледолбооруна Айбек Карымов, Бахтияр Токторов, Элмира Кайып кызы жана Анжелика сыяктуу белгилүү ырчылар катышат.
Бардык жаңылыктар