1-апрелден тарта «Гоубас» тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алсаңыз болот

29 Марта 2024

Урматтуу жүргүнчүлөр, Сиз 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Бишкек-2-Кайыңды жана Бишкек-1-Токмок жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди «Гоубас» мобилдик тиркемесинде сатып алсаңыздар болот.

Ошону менен бирге, билеттерди Бишкек-2 бекетинин кассасынан поезд жөнөгөнгө чейин жана поезддин ичинде Кыргыз Республикасынын бардык төлөм системалары жана Visa банк карталары үчүн накталай жана накталай эмес төлөө,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык мобилдик тиркемелеринин жана электрондук капчыктарынын QR коду менен сатып алсаңыз болот.

«Кыргыз Темир Жолу» - бардыгы биздин жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн!

Бардык жаңылыктар