Бишкек шаарында өткөөлдүн курулушу башталды

4 Апреля 2024

Тыгындарды азайтуу жана автомобиль жолдорун жөнгө салуу максатында Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы Мэрия менен биргеликте Бишкек шаарында Бөкөнбаев көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин А. Бакаев көчөсү боюнча темир жол линиясынын астынан автотранспорттун өтүшү үчүн өткөөлдүн курулушун баштады.

Ошондуктан, бүгүн, 2024-жылдын 4-апрелинде, курулуш башталгандыгына байланыштуу поезддердин кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Жаңы өтмөк жеңил жана жүк ташуучу автотранспорттун кыймыл жөндөмдүүлүгүн камсыздайт.

Темир жол өткөөлүнүн негизги техникалык мүнөздөмөсү:

- жүрүүчү (проезжая) бөлүгү – 9 метр;
- жөө адамдар өтүүчү бөлүгү - 1,5 метр бир тарабынан
- көпүрөнүн пролеттук курулмасы – 14х3 метр.

Бардык жаңылыктар