“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштерин баштады
10 Декабря 2014
Бүгүн борборубуздагы “Бишкек-I” темир жол бекетинде биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдуу орнотулуп, темир жолчулардын маалыматын чогултуу иштери башталды.
Биринчилерден болуп өзүнүн биометрикалык маалыматын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабев тапшырды.
Учурда ишканада биометрикалык маалыматтарды тапшыруунун графиги иштелип чыккан. Жалпысынан 6 миңден ашык темир жолчулар өздөрү туурасындагы маалыматтарды тапшырышат.
“Бишкек-I” темир жол бекетинде учурда бир гана биометрикалык маалымат чогултуучу жабдуу орнотулган. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги тарабынан дагы кошумча жабдуу орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бардык жаңылыктар