МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

6 Мая 2024

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 7, 8, 10, 11-май күндөрү (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3902-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Бардык жаңылыктар