Билеттерди онлайн сатып алсаңыз болот!

7 Июня 2024

Урматтуу жүргүнчүлөр! 14-июндан 14-июлга чейин Бишкек - 2 Борбордук вокзалдан жума, ишемби, жекшемби күндөрү Бишкек-2-Балыкчы-Бишкек-2 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди ишке киргизилет.

Андан ары 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттайт.

Поезд Бишкек – 2 бекетинен  саат 07:40 мүнөттө жөнөп, Балыкчы  бекетине 11 саат 46 мүнөттө келет, Балыкчыдан кайра 18 саат 12 мүнөттө жөнөп, Бишкек-2 бекетине  саат 22ден 18 мүнөттө  келет.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар.

Балыкчы бекетине чейинки стандарттуу вагондордо бир жүргүнчүнүн жол кире акысы бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн 150 сом.

Олтурган жана түшкөн бекетине карабастан Люкс вагонунда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом. 

ВИП вагондо бир жүргүнчү үчүн жол кире баасы, олтурган жана түшкөн бекетине карабастан, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом.

Кол жүгүн жеткирүү акысыз.

Билеттерди онлайн https://railway.kg сайтынан жана анын Android платформасындагы мобилдик тиркемесинен, ошондой эле Бишкек-2 вокзалынын кассаларынан жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тастыктаган документтерин көрсөтүү менен жана поездде бардык ички жана эл аралык төлөм тутумдарынын накталай жана накталай эмес төлөөнүн бардык түрлөрүн колдонуу аркылуу сатып алууга болот.

Билеттерди  сатуу 8-июндан баштап ачылат.

Толук маалыматты биздин сайттан жана (0312) 30-02-09, 92-68-54,92-68-40, 0 705 07-66-96 телефондору аркылуу сурап билсеңиздер болот.

Бардык жаңылыктар