“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаев – “2014-жылдын мыкты жетекчиси” номинациясына татыктуу болду.
18 Декабря 2014
Республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналы 2013-жылдын мыктыларын аныктады.
Аталган журнал эки ай бою окурмандар арасында “Жылдын мыкты жетекчисин” аныктоо максатында добуш берүүнү уюштурган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тандалып алынган жетекчилердин рейтинги аныкталды.
Жыйынтык көргөзгөндөй “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаев – “2014-жылдын мыкты жетекчиси” номинациясын жеңип алды. Ошентип, Кыргызстандагы темир жолчулардын башчысы “Жылдын эң мыкты жетекчиси” деп табылды.
Сыйлык тапшыруу салтанаты борборубуздагы “Алтын казына” ресторанында өткөрүлүп, ага элибизге белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер, искусство чеберлери жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаевге жылдын мыктысы атайын диплому жана статуеткасы тапшырылды. Сыйлыкты “Имарат-Строй” акционердик коомунун жетекчиси Бейшенбек Иманалиев тапшырды.
Белгилей кетсек, сыйлыктар 30 га жакын номинациялар менен ыйгарылды. Алардын арасында “Жылдын мыкты ишканасы” “Жылдын мыкты айымы” “Жылдын мыкты депутаты” жана башка номинациялар бар.
Сыйлык тапшыруу салтанаты искусство чеберлеринин маданий программасы менен коштолду.
Бардык жаңылыктар