Темир жолчулар камкордукка муктаж адамдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты
24 Декабря 2014
Жыл сайын жаңы жыл майрамында “Кыргыз темир жолу”” мамлекеттик ишканасы өздөрү камкордукка алган Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реабилитациялык борборуна келишет.
Салтка айланып калгандай быйыл да Профсоюз уюмунун Төрагасы Роберт Мазитов мындагы балдар менен чоңдорго таттуулуктардан турган жаны жылдык белектерди алып келди. Бул жолу мында 150 адамга конфет, печенье, жана мөмө-чөмөдөн жасалган белектер берилди.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы белек тапшырган дагы бир обьект, бул – Бишкектеги Ленин районуна караштуу карылар үйү.
Учурда ар тараптан колдоого муктаж 50 карыларыбызга темир жолчулардын таттуулуктары, жаңы жылдык белектери тапшырылды.
Ал эми карылар үйүнүн жетекчиси жыл сайын берилүүчү мындай камкордук үчүн ыраазычылык билдирип, жылуу жууркандар жагынан жардам берүүнү суранды. Профсоюз уюмунун Төрагасы Роберт Мазитов мүмкүнчүлүккө жараша жардам болоорун билдирди.