Урматтуу кыргыз элим жана Кыргызстандын темир жолчулары !

25 Декабря 2014

Жергебизге жаңы 2015-жыл кадамын таштап кирип келе жатат.

 Сапарын карыткан 2014-жыл тарыхый окуяларга бай болуп, жергебизде стабилдүүлүк орноп, ынтымак-ырашкерликке жетише алдык. Ошондой эле шериктештиике кирген мамлекеттер арасында бирдиктүү экономикалык кызматташтыкка жол ачкан Бажы союзуна жана Евразия экономикалык уюмуна кошулуу чечими кабыл алынды.

 Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы узап бараткан жылда бир катар ийгиликтерге жетишип, жүк ташуунун көлөмүн бир жарым эсеге жогорулатты. Президенттин жана Кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен жаңы заманбап тепловоздор сатылып алынды. Ошондой эле вагондорду ремонттоо, темир жолду модернизациялоо иштери колго алынды. Кылымга тете тарыхты басып өткөн темир жолчулар учурда алдыга чоң максаттарды коюп, мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүп өсүшү үчүн талбай эмгектенип жатышат.

 Ылайым жаңы жылда да ийгиликтерибиз арбын болсун. Жаңырган 2015-жыл элибизге бакыт- таалай, ырыскы-берекени алып келсин. Элибиздин жашоо деңгеели көтөрүлүп, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун.

 Сиздерди жаңы жылыңыздар менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Жаңы жылда асыл ой-максаттарыңыздардын ишке ашуусуна тилектештигимди билдирем!

Жаңы жылыңыздар менен!


урматым менен,

Аргынбек Малабаев

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын Башкы директору                                                                      

Бардык жаңылыктар