Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгын утурлап...

9 Января 2015

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Насыр Алишевге 100 миң сом өлчөмүндө акчалай колдоо тапшырды

 Белгилей кетсек, Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери Насыр Алишев бүгүн 100 жашка толду. Улуу жеңиштин 70 жылдыгын татыктуу тосуп алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык темир жолдо атайын иш-чаралар белгиленген. Ошондой эле “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги, Профсоюз уюму жана Ардагерлер кеңеши тарабынан кабыл алынган Жамааттык келишимге ылайык, 100 жашка чыккан согуш ардагерлерине 100 миң сом төлөнүп берилет.

 Насыр Алишев менен жолугушуу учурунда Кыргыз темир жолунун жетекчиси анын аталган тармакка сиңирген эмгегин жогору баалап, бекем ден-сооолук, узун өмүр каалады.

 Кыргыз темир жолунда учурда 13 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 49 оорукта эмгектенгендер бар. Алар Бишкек шаарында эле эмес, Рыбачье станциясынан тартып, Мерке станциясына чейин жашашат.

 Алардын бири “Кыргыз темир жолунун ардактуу эмгек ардагери” Насыр Алишев.  Алишев Насыр 1915-жылы Казахстанда төрөлгөн. Анын атасы Икрам молдо дин кызматкери болгон. Ошондуктан 1927-жылы Сибирге сүргүнгө айдалып, ал жактан кайтып келген эмес. Апасы Айша эки баласы менен калып, кийин каза болгон. Ошол 30 жылдарда Насыр кичүү карындашы менен ата-энесиз калып, көп кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. Ар кандай жумуштарды аткарып, байларга кул болгон.

Бой жеткенде кызыл армиянын катарына чакырылып, Казахстандын түштүк батышында кызмат кылып, 1940-жылы кайтып келген.

  Согуш мезгилинде Кыргызстанда болчу. Ошол кезде ал Казак темир жолунун Пишпек станциясында жайгашкан Ички Иштер органдарынын транспорттогу милициясында иштечүү.

  1942-жылы өмүрлүк жары Шаркуль менен баш кошуп, Улуу Ата Мекендик согушка аттанган.

  1943-жылдан 1945-жылга чейин Ленинград фронтунда взводдун командиринин жардамчысы катарында кызмат кылган. Ал эми 1943-жылдын ноябрь айында жаракат алып, госпитальга түшөт. Андан айыгып чыгып, кайрадан согушка катышып, экинчи жолу жардар болот. Кийин ден-соолугун калыбына келтирип, Ленинград фронтунда, андан соң Кенигсберг ( азыр Калининград ) шаарын бошотууга катышат.

  Согуштан келгенден кийин Ташкенттеги СССРдин ИИМнин милиция мектебинде окуйт. Ал жерден жолдомо менен Кыргыз ССРнин Пишпек станциясындагы транспорттук милициясына ишке келет.

  Ал эми 1953-жылы анын үстүнөн жашыруун арыз жазылып, кызматынан бошотулуп, камакка алынат. Ага Ташкенттеги милиция мектебине тапшырганда атасы дин кызматкери экендигин жашырган деген күнөө коюлган. Бирок, ошол эле жылы И. Сталин каза болгондон кийин, акталып чыккан. Ага кайра өзүнүн кызмат ордун калыбына келтирүү сунушу беришкен. Бирок ал бала-чакасынын келечегин эске алып, катардагы жумушчу болууну туура көргөн. Ошентип, Пишпек станциясындагы вагон депосуна жумушка кирип, ал жерде көп жыл бою эмгектенген. Темир жолдогу жалпы эмгек стажы 60 жылга барабар.

Эмгектеги жетишкендиктери үчүн “Кыргыз темир жолунун ардактуу эмгек ардагери” деген жогорку наамга татыктуу болгон.

Ал эми согуш жылдарында “Улууу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени” жана бир катар медальдар менен сыйланган.

  Учурда Насыр Алишев жаштардын насаатчысы, 5 уул 2 кыздын ардактуу атасы. Тилекке каршы 2008-жылы өмүрлүк жары Шаркуль бул жарык дүйнө менен коштошкон.

  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жана профсоюз уюму менен ардагерлер кеңеши ага бекем ден-соолук, узун өмүр жана бактылуу карылык каалайт.

          

Бардык жаңылыктар