“Локомотив” муз аянты балдардын күлкүсүнө бөлөндү

5 Февраля 2015

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы “Локомотив” муз аянтында балдар үчүн кайрымдуулук иш-чара өткөрдү.

  Аталган муз аянтына бул жолу Военно-Антоновкадагы балдар үйүнөн 100 бала жана Бишкектеги “Элистан” балалык борборунан 40 бала келди. Алар бир саат бою буттарына коньки байлап, акысыз муз тееп, көңүл ачышты.

 Белгилей кетсек: Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 7 жаштан 17 жашка чейинки 110 ата-энеси жок балдар камкордукка алынган. Аларга ишкерлер жана колунда бар инсандар ар тараптуу колдоо көргөзүп турат. Ал эми Бишкектеги “Элистан” балалык борбору 2008-жылдан бери ар кайсыл областтардан келишкен ата-энесинен ажыраган 40 баланы тарбиялап, Тоголок Молдо атындагы №71-мектеп-интернатында окутуп келет. 

 Кайрымдуулук акцияны өткөрүүгө борборубуздагы «Озгюн Иншат Таахют ве Тижарет Лтд» жоопкерчилиги чектелген коому (Vefa борбору) жакындан колдоо көргөздү. Алар балдар үчүн сый-тамак уюштуруп, ар бир балага баалуу белектерди тапшырды. Балдарга арналган кайрымдуулук акциясын алар 2015-жылдын аягына чейин маал-маалым менен өткөрүп туруу ниетинде.

         

         

         

 

Бардык жаңылыктар