“Локомотив” муз аянтында муз тебүүгө жеңилдиктер жарыяланды
9 Февраля 2015
“Локомотив” муз аянтында окуучулар үчүн февраль айында 50 % жеңилдик берилет.
Буга чейин 1 саат муз тебүүнүн баасы 200 сом турса, эми окуучулар 100 сом төлөп 1 саат бою муз тепсе болот. Демек, шашылыңыздар! Жеңилдиктер 1-февральдан 28-февральга чейин жарыяланды.
Ал эми 13-14-15-февральда “Локомотив” муз аянтында муз тебүүнү каалаган жаштар үчүн 30 % жеңилдиктер берилет. “Махабат күнүнүн” урматына жаштар өздөрүнүн сүйүктүү адамы менен келүүсү тийиш. Жуп менен келген жаштар 1 сааттык муз тебүү үчүн 300 сом төлөшөт.
Эскерте кетсек, “Локомотив” муз аянтында жыл бою массалык муз тебүүгө, театралдык он-зоокторду өткөрүүгө, хоккей, футбол сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгууга, жана турнирлерди өткөрүүгө бардык шарттар бар. Спорт комплексинин негизги максаты: темир жолчуларга жана шаардыктарга сергек жашоо мүнөзүн тартуулоо жана алардын эс алуусун уюштуруу болуп эсептелет. Муз тебүүчү жалпы аянты: 1122 кв.метр. Бир мезгилде 150 адам муз тебе алат. Орундуктар 850 көрүүчүгө ылайыкташтырылган.
"Локомотив" муз аянтынын дареги:
Бишкек шаары, Алыкул Осмонов көчөсү 1.
Байланыш телефону: 92-63-42, 92-63-54
Бардык жаңылыктар