“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы Афган согушунун ардагерлери “Афганская слава” ордени менен сыйланышты

13 Февраля 2015

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында учурда 41 Афган согушунун ардагери эмгектенет.

Бүгүнкү күндө алар үчүн такай ар тараптуу колдоолор көргөзүлүп турат.

 Бүгүн ар бир Афган согушунун ардагери жана Кыргызстандын коопсуздугун сактоого катышкандар үчүн ишкананын атынан 1 500 сомдон акчалай сыйлык, Афганчылар уюмуна акчалай колдоолор берилди.

Көргөзүлгөн акчалай жардамдын жалпы суммасы 20 миң сомго барабар.

 “Силердин эрдигиңерди эч качан элибиз унутпайт” деп белгиледи “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында өткөн Афганчыларды эскерүү жыйынында ишкананын Аппаратынын башчысы Кубан Асанбеков.

         

         
 

Бардык жаңылыктар