Темир жолчу айымдар майрамдык белектерди алышты

6 Марта 2015

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында миңден ашык аялдар эмгектенет.

   Алардын арасында поезддин узатуучулары, диспетчерлер, жолчулар жана вагон ремонттоочу цехтин кызматкерлери да бар. Демек кыргыз темир жолунун ишин үзгүлтүксүз камсыз кылууда аялдардын салымы зор.

Аялдардын эл аралык майрамына карата ишкана жетекчилиги тарабынан салтанат уюштурулуп, майрамдык белектер тапшырылды.

“Темир жолдо эмгектенген ар бир аялзатына бакыт-таалай, бекем ден-соолук каалаймын. 8-март майрамы бул жаз майрамы болуп эсептелет. Андыктан, дайыма маанайыңыздар жарык болсун! Жаз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!” – деген куттуктоосун билдирди ишкана жетекчиси Аргынбек Малабаев.

Ишкана жетекчилигинин чечими менен март майрамынын урматына алдыңкы 25 темир жолчу аялга белек катарында 25 микроволновка тапшырылды. Мындан тышкары ар бир аялга миң сомдон акчалай белектер берилди.     

Бардык жаңылыктар