“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддери кыскарды
23 Марта 2015
Жүргүнчүлөрдү ташуунун чыгымдарын кыскартуу максатында темир жолдо бир катар багыттар боюнча поезд каттамдары кыскарды.
Ошондой эле мындай чечим поезддердеги жүргүнчүлөрдүн саны кескин азайып кеткендигине байланыштуу кабыл алынды.
- Бишкек шаарынан кетүүчү Бишкек-Екатеринбург багыты боюнча №305/306 поезди кыскартылды.
- Бишкек-Москва багыты боюнча №17/18 поезди 4 курамдан 3 курамга чейин кыскарды.
- 2015/2016-жылдарга карата жаңы график киргизилгенге чейин Бишкек-Новосибирск багыты токтотулду.
- Кыргыз темир жолундагы пландуу багаждык вагондор кыскартылды.
Учурда Бишкек-Москва, Бишкек-Свердловск ( Екатеринбург ), Бишкек-Новокузнецк багыты боюнча поезддер каттамдары жүрүп жатат.
Бардык жаңылыктар